• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Караколдо унаа уурдоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-февраль күнү Каракол шаарынын күзөт бөлүмүнө Ак-Дөбө айылынын (Жети-Өгүз району) 40 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын "Ауди S4" үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин билдирген. Анын айтымында, ал унаасын Гагарин менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде калтырып, таанышынын үйүнө кирип кеткен. Ал жакта бир аз убакыт болуп, сыртка чыкканда унаасын таппай калган.

"Көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан унааны уурдаган адам кармаган. Ал 35 жаштагы С.А. аттуу жаран болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кармалган жаран анын баш коргоо чарасын каралганга чейин Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий