• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Караколдо унаа уурдоого жана адам тоноого шектелип үч жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Каракол шаарында унаа уурдоого жана адам тоноого шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-майда Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 29-май күнү түнкү саат 05:30дар чамасында короосунда турган “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап качууга аракет көрүшкөндүгүн билдирген.

Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 211-беренесинин (“Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Түп районуна караштуу Михайловка айылынын 21 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну аталган кылмышка шектүү катары кармалган.

Шектүүдөн “Редми ноут 9” үлгүсүндө уюлдук телефон, 4 миң 800 сомду түзгөн акча каражаты табылып, далил зат катары алынган. Териштирүүнүн жүрүшүндө алынган далил заттар шектүүгө тиешеси жок экендиги аныкталган.

Бул жагдайды иликтегенде Каракол шаардык милициясына 28 жаштагы К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аны белгисиз үч бала сабап, күч колдонуу менен “Редми ноут 9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана чөнтөгүндөгү 4 миң 800 сом акчасын тоноп кеткенин билдирген.

Жүргүзүлгөн алгачкы суракта шектүү катары кармалган Т.Н. автоунааны уурдаганга аракет көрүүдөн сырткары, тоноо кылмышын өзүнүн 18 жаштагы Т.С. жана Ш.И аттуу шериктештери менен биргеликте кылганын мойнуна алган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан тоноо кылмышына катыштыгы бар шектүүлөр Т.С. жана Ш.И. кармалышты. Каракол шаардык сотунун чечими тарабынан шектүү Т.Н.га карата эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Ал эми Т.С. жана Ш.И. үй камагына калтырылды.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий