• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо жашы жете элек 12 бала эмгекке тартылган

Аймак 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Караколдо «Эмгек-Өспүрүм» рейдинин жүрүшүндө иштеп жаткан 12 жаш өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-9 август күндөрү Каракол шаарында рейддик иш-чара өтүп, ага шаардык милициянын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору, мэриянын социалдык бөлүмүнүн жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Рейддин жүрүшүндө базарлар, эмгек биржалары, унаа жуучу жана башка жайлар текшерилип, аталган жерлерде 12 жаш өспүрүм иштеп жаткандары аныкталды.

Текшерүү учурунда иш берүүчүлөр балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен тиешелүү эмгек келишимдерин түзүшпөгөндүгү белгилүү болду.

"Аныкталган фактылар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш берүүчүлөргө КРнын мыйзамдарына каршы келген балдар эмгегине жол бербөө боюнча катуу эскертүүлөр берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий