• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Караколдо жеңил унаа электр карагайды сүзүп, айдоочу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 07.12.17./Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол боюндагы электр зым карагайын сүзгөн. Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 7-декабрда болжол менен түнкү саат 00:15 чамасында болгон.

“Жол кырсыгы Токтогул-Шапак көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жабыркаган, аны “103” кызматы ооруканага алып барган”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий