• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо зоопарктан качып чыккан карышкыр атылды

Аймак 0


Бишкек, 10-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Каракол зоопаркынан качып чыккан карышкыр атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Каракол зоопаркынын директору Салтанат Сеитова билдирди.

Анын айтымында, кечээ, зоопаркта белгисиз бирөөлөр карышкырлар камалган торду кыркып кетишкен, натыйжада бүгүн бир жаштагы карышкыр качып чыккан.

“Бул белгилүү болору менен “Тазалыктын”, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана мергенчилер чакырылган. Ал иттерден коркуп зоопарктын аймагынан тышкары качып кеткен. Бирок, бир сааттын ичинде карышкыр өлтүрүлдү”, - деп билдирди ал.

Ошондой эле, С.Сеитова зоопаркка келгендерди жүрүм-турум эрежелерин сактап, коопсуздук чараларын карманууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий