• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдогу базардан чыккан өрттөн кийим саткан дүкөндөр күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Каракол шаарынын К.Маркс жана Дербишев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Ак-Тилек” базарында кечинде өрт чыккан.

ӨКМден кабарлашкандай, өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 22:35тер чамасында түшкөн.

“Өрт саат 00:21де чектөөгө алынып, саат 02:10до толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 836 чарчы метр кийим-кече жана азык-түлүк сатуучу 8 контейнер күйгөн”, - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий