• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Караколдогу көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Каракол шаарында көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыкты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө караганда, күн мурун болжол менен саат 18:20да Каракол шаарындагы Кирпичный кичи районунун №56 үйдүн батиринде өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Тилсиз жоодон батирдин балконунун терезеси жана эшиги күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий