• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколдогу массалык мушташтын катышуучуларына айып салынып, коомдук жумушка тартылышты

Коом 0

Бишкек, 12.01.18. /Кабар/. Каракол шаарындагы массалык мушташтын бардык катышуучуларына айып салынып, комдук жумуштарга тартылышты,-деп билдирет Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы.

“Бүгүн, 12-январда Каракол шаардык соту материалдарды карап чыгып, мушташтын катышуучуларына 1 миң 500 сомдон айып салып, ар бирин 8 саттан коомдук иштерге милдеттендирди”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-январында Каракол шаарындагы ижарага лыжа берген жайлардын биринде кожоюндар менен белгисиз адамдардын ортосунда мушташ чыгып, окуя видеого түшүрүлүп калган.

Пикир

Оставить комментарий