• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдогу отун базасында өрт коопсуздугу сакталган эмес

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы отун базасында өрт коопсуздугу сакталган эмес. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Буга байланыштуу КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин комиссиясы жергиликтүү бийликке коопсуздуктун алдын алуу иш-чараларын күчөтүү сунушун берди.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жетектеген комиссия Каракол жылуулук ишканасынын от казандарынын кышка даярдыгын текшерип, бир катар тапшырмалар берилди.

«Электр энергиясынын жана жылуулуктун техникалык жоготуусун алдын алуу чараларын күчөтүү шарт. Биз электр энергиясын үнөмдүү колдонуу боюнча чакырыктарды жасап жатабыз. Бирок от казанда союз мезгилиндеги лампалар илинип турат. LED лампаларга алмаштыруу шарт. Бул маанилүү. Анткени электр энергиясы биздин байлык. Аны үнөмдүү колдонушубуз керек. Элге дагы сарамжалдуу колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү керек», - деди Доскул Бекмурзаев.

Жогорку чыңалуудагы «Прежевальск» көмөк чордонунун кышка даярдыгы да текшерилди. Көмөк чордон жылытуу мезгилине даяр.

Пикир

Оставить комментарий