• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Караколдогу ЖМКлар жана блогерлер шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү механизмдерин үйрөнүштү

Шайлоо 2023 0

бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Каракол шаарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жана блогерлер коомчулугунун өкүлдөрү 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шайлоо учурунда журналисттердин ишинин маанилүү аспектилери, КР ЖКда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптары, жарандарга шайлоо процессинин жүрүшү жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жөнүндө маалымат берүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча окутуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана USAIDдин Шайлоо системалары боюнча эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулду.

КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышуучуларга шайлоо процессинин ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылган жаңы аралаш шайлоо системасы, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер шайлоону чагылдырууда жана мониторинг жүргүзүүдө колдоно алыша турган КР БШКнын электрондук жана маалыматтык ресурстары жөнүндө маалымат берди.

Аларга талапкерлердин жана саясий партиялардын документтеринин пакетин шайлоо комиссияларына тапшыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыккан http://talapker.shailoo.gov.kg/ "Электрондук талапкер" маалымат порталы жөнүндө айтылды.

"Электрондук талапкер" талапкерлердин жана саясий партиялардын документтеринин пакетин шайлоо комиссияларына тапшыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт, ошондой эле шайлоочуларды талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө маалымат менен тааныштырат. Жаңы ресурстун маанилүү кызматы партиялардын жана талапкерлердин каржылык отчетторун жарыялоо болуп саналат, мында каржылоо булагы жана чыгымдардын бардык беренелери көрсөтүлөт.

Портал шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө маалыматты тактоо үчүн башка мамлекеттик органдардын маалымат системалары менен автоматтык түрдө өз ара аракеттенет, шайлоо өнөктүгүнүн бардык деңгээлдеринде көзөмөлдү жана мониторингди камсыз кылат.
Медиа-эксперт Авланбек Жумабаев алдыдагы шайлоо учурунда массалык маалымат каражаттарынын милдеттерине токтолду.

«Добуш берүү системасы өзгөрдү, мурда биз партиялык тизме боюнча гана добуш берсек, азыр бизде бир мандаттуу талапкерлер бар. Партиялык тизме боюнча добуш берүү ачык, биз партияны да, талапкерди да тандайбыз. Мунун баары маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө чагылдырылган. Кыска убакыттын ичинде биз бул кандайча жасаларын шайлоочуларга түшүндүрүшүбүз керек. Бул жагынан активдүү звено - бул ЖМК. Сөз эркиндиги жогору бааланган биздин өлкөдө социалдык тармактар дагы бар, ошондуктан биз блогерлер менен да иштеше баштадык», - деди ал.

Тренерлер БШКнын Маалымат жана үгүт иштери боюнча Жумушчу тобунун мүчөсү, Кыргызстандын Көз карандысыз Журналисттер Биримдигинин жетекчисинин орун басары Семетей Аманбеков жана Асел Сооронбаева катышуучуларга фактыларды текшерүүнү, шайлоо процессиндеги маалыматты көзөмөлдөөнү, дезинформацияны жана фейкти айырмалай билүүнү үйрөтүштү.

Ошондой эле шайлоодогу жана шайлоодон кийинки кырдаалды турукташтырууда ММКнын касташуу сөздөрүн колдонбоосу жөнүндө айтышты.

Пикир

Оставить комментарий