• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Караколдун жаштары Сооронбай Жээнбековду тандайт!

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 10.17 /Кабар/. Жалпы Ысык-Көл жаштары мекени үчүн, жери үчүн туура тандо ожасап, кызмат кылуу учуру келди, деп билдирди Каракол жаштарынын атынан Жаннат Туратбеков Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда .

Ал Президенттикке аттанып отурган КСДПнын бирдиктүү талапкери Сооронбай Жээнбековду эмне үчүн тандагандары тууралуу токтолду. «Биз аны тандаганыбыздын себеби – Үзөңгү-Кууштун, Каркыранын сатылышына каршы турган, элин-жерин сатпагандыгы үчүн тандадык. Биз Ысык-Көл жаштары, мамлекеттик кызматтагы жогорку тажрыйбасы, иш билгендиги жана аны чече билгендиги үчүн тандадык. Каракол шаарынын жолдору автоунаа жана автобус эмес, жөө жүрүүгө мүмкүн болбой калган учурда жаш активисттер митинг өткөрөбүз деп чыкканбыз. Журналисттерге атайын маалымат беребиз деп чыкканбыз. Мына ошол кезде Сооронбай Шарипович тиешелүү министрликтерди чогултуп, Каракол шаарынын ички жолдорун изилдеп, аныктап, тез арада чара көрүлсүн деген талап койгондугу үчүн бүгүнкү күндө ошол жолубуз заманбап талапка жооп бергендей болуп, курула баштады. Буга бардыгыңыздар күбөсүңөр. Биз, жаштар, 15-октябрда жалпыбыз бир добуштан Сооронбай Жээнбековду тандайбыз, добуш беребиз жана жалпыңарды ага добуш берүүгө чакырам!», - деп билдирди Жаннат Туратбеков.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолугушту жана бардык жакта шайлоочулар алдыдагы президенттик шайлоодо ага колдоо көрсөтөрүн айтышты.

- Даярдоочу: КУМА “Кабар”
- Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
- КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
- Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 06.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий