• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколго кире бериштеги жолдун курулушу 1-октябрга чейин аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Каракол шаарына кире бериштеги жолдун курулушу ушул жылдын 1-октябрына чейин аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, ал жолдун курулушуна 108 млн. сом каралган. Тендерде 77 млн. сом сунуштаган фирма уткан.

"План боюнча курулуштун аякташы 1-октябрга туура келет. Бирок, биз, аткаруучу компанияны ал мөөнөткө чейин аяктасын деп шаштырып жатабыз. Андан тышкары, бул жылы Караколдо 9 чакырымдан ашык ички жол оңдолгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий