• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Карама-каршы тилкеге чыккан маршрутка айдоочусу 1000 сомго айыпка жыгылды

Коом 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Бишкектеги №223 маршруттук таксинин айдоочусуна карама-каршы тилкеге чыккандыгы үчүн 1000 сом айып салынды. Бул тууралуу КР ИИМнин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маршрутканын айдоочусу 40 жаштагы Зулкаир Жээнбаев 5-апрелде “Мерседес” үлгүсүндөгү унаасы менен Тынчтык простектиси аркылуу түштүктөн батыш тарапты көздөй бара жатып карама-каршы тилкеге чыккан.

Аталган факты боюнча Жээнбаевге административдик айып салынган.

Пикир

Оставить комментарий