• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Карамушкина: Интернетте Сириядагы согушка чакырган жарыялар ачык эле жарыяланууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколдун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Интернетте Сириядагы согушка чакырган азыткы жарыялар ачык эле жарыяланып жатканын белгилеген депутат Ирина Карамушкина УКМКны мындай жосундарга каршы айоосуз күрөш жарыялоого чакырды. «Тилекке каршы, натыйжалуу чаралар көрүлгөн жок. Азыр калктын 60 пайызы социалдык түйүндө отурат. Мен андай азгырууларды ачык эле окуп жатам, демек, баары теӊ окуп жатат да», - дейт ал.

Андан тышкары, ушундай эле чараларды көрүүгө багытталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашуунун концепциясы да жактырылды

Пикир

Оставить комментарий