• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Карамушкина: Зайналиевге каршы туралбаган чабал чиновниктердин жоопкерчилигин караш керек

Укук тартиби 0

Бишкек. 24.01.19 /Кабар/. Кайдагы бир алдамчы табып Хашим Зайналиевге каршы туралбаган чабал аткаминерлердин жоопкерчилигин караш керек. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина парламенттин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, жакында эле сот 2016-жылдан бери башы чыр-чатактан чыкпай келаткан Хашим Зайналиев аттуу алдамчы немени бошотуп жиберди. Эми ага карата эч кандай доомат жок имиш.

"Ушу кантип болсун, адамчынын колунан жапа чеккен, өлүм тапкан адамдардын убалы кимге. Ал үчүн ким жооп берет?", - деди Ирина Карамушкина.

"Хашим Зайналиевдин онкологиялык ооруларды дарылаганга лицензиясы жок. Ачыгын айталы, анын бейтаптарга койгон диагнозу – карандай калп. Кайсар соттор аз келгенсип, аны айрым дарыгерлер да колдоп чыгыптыр. Уят. Кайдагы бир алдамчыга каршы туралбаган, тийиштүү чара көрө албаган чабал аткаминерлердин жоопкерчилигин караш керек. Жанагы мылжыӊбай саламаттык сактоо министриненн да кутулуу керек", - деди Карамушкина.

Эске салсак, Бишкектин Октябрь райондук соту мыйзамсыз дарылаган табып Хашим Зайналиевди сот залынан бошотту. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин токтотту.

Ага чейин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коргоо органдарына “Көк-Жар” жаңы конушунда лицензиясы жок жеке клиника ачып, онкология дарты менен жабыркагандарды дарылап жаткан табыпка чара көрүү кайрылуусу жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий