• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Карантин алынгандан кийин Кыргызстан 5 өлкө менен аба каттамын жандандырган

Коом 0


Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев Кыргызстан карантин алынгандан кийин кайсы өлкөлөр менен аба каттамын жандандырганы тууралуу айтып берди.

Учурда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия менен аба каттамын жандандырган.

Анын айтымында, Түркияга "Бишкек-Стамбул" багыты боюнча "Түрк аба жолдору", "Пегасус Эйрлайнс" жана "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниялары учуп жатат. Алар жумасына 4 каттамдан аткарууда. Ал эми "Бишкек-Анталия" багыты боюнча "Пегасус Эйрлайнс" жана "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниялары аптасына 2 жолу каттап жатат.

Ошондой эле "Бишкек-Дубай" багыты боюнча "Флай Дубай" авиакомпаниясы жумасына 3 жолу каттап жатат.

"Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен аба каттамын жандандыруу чечими кабыл алынып, Өзбекстанга "Ташкент-Бишкек" жана Казакстанга "Алматы-Бишкек" багыты боюнча каттамдар жүргүзүлүп жатат", - деди ал.

24-сентябрдан тарта Россия менен "Бишкек-Москва" багыты боюнча аба каттам жандандырылып, учурда "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниялары жумасына бир жолудан каттап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий