• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Карантин маанисиз чыгашалардан баш тарта алаарыбызды көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Жалпы карантин акчаны ашыкча коротпой үнөмдөсө болоорун көрсөттү. Көрсө биз такси, кафе, модалуу ашыкча аксессуарлардан баш тарта алат экенбиз. Ал эми үнөмдөлгөн каражатты кыялдарды орундатуу үчүн чогултса болот. Майда чыгашалардын ордуна акчаны депозиттик эсепке салып турса, канча каражат чогулмак «Бакай Банк» менен бирге эсептеп көрөлү.

Майда сатып алуулар, албетте, жагымдуу маанай тартуулаган менен үйдү оңдоп-түзөөгө же чет өлкөгө сапар үчүн акча чогултууга тоскоолдук кылат. Банктардын «Инстаграмдарында» SMMчилер тынбай жазып жаткан алтынчы, жыйырма төртүнчү маяна сыяктуу каржылык коопсуздук чаралары туурасында айтпай деле койсо болот.

«Ооба мен маянамдын жарымын кофеге коротом: эртең менен бир, түштө бир, кечке жуук дагы бирди ичем. Күн сайын улам бир кафеде жүргөнүмө кесиптештерим таң калышат, болбосо мен акчаны алардай эле табам, алардыкынан аз да болушу мүмкүн», — дейт бишкектик бийкеч.

Майда-барат сатып алуулардын ордуна акчаңызды топтоочу «Капитал» депозитине 9% чен менен салып турсаңыз бир жылда канча акча топтой ала турганыңызды «Бакай Банк» менен бирге эсептейбиз.

Мисалы, сиз күн сайын капучино куйдуруп кетесиз, кээде таксиге отурасыз, чылым чегесиз, дем алыш күндөрү барларда ичимдиктен ууртап-татасыз, күн сайын түштө кафеден тамактанасыз деп коелу. Ошондо, сиз мындай анча маанилүү эмес сатып алуулар үчүн жылына 112 миң сом коротосуз.

Сиздин чыныгы коротууларыңыз аталган эсептен айырмаланышы ыктымал. Так эсебин алгыңыз келеби? Анда майда коротуулардын Excel калькуляторун шилтеме менен жүктөңүз:

КАЛЬКУЛЯТОРДУ ЖҮКТӨӨ

«Бакай Банктын» «Капитал» депозити жөнүндө

Артыкчылыктары: негизги салымдын суммасына айлык пайыздык капитализация менен топтолуп туруучу депозит. Эгер сизге топтогон каражатыңыз тезинен керек болуп калса, келишимди мөөнөтүнөн мурда бузсаңыз бол.

Мөөнөтү: 3 жылдан 24 айга чейин.

Баштапкы салым: 5000 сомдон баштап.

Толуктоо: минимум 1000 сом.

Пайыздык чен – 11%га чейин, эффективдүү пайыздык чен – 11,6%га чейин.

«Капитал» депозити жөнүндө кенинирээк «Бакай Банктын» сайтынан же 6111 телефону аркылуу билсеңиз болот.

«Бакай Банк» — Кыргызстандын ири банктарынын бири, 20 жылдан ашык убакыттан бери бизнес жана жеке адамдар үчүн финансылык кызматтарды көрсөтүп келет. 2020-жылдын башында «БТА Банк» ЖАКын бириктирип алгандан кийин «Бакай Банк» уставдык капиталынын көлөмү жана филиалдык түйүндөрүнүн тармакташуусу боюнча өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп калды. Банктын 180 бөлүмү Кыргызстандын бардык аймактарында ыкчам жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү камсыздашууда.

Пикир

Оставить комментарий