• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Карантин режими киргизилбегенде коронавирус жуккандардын саны 10 эсе көп болмок - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 23.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Карантин режими киргизилбегенде коронавирус жуккандардын саны 10 эсе көп болмок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Брифингде Нурболот Үсөнбаевге "Күндөн-күнгө коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. Мындан улам жарандардын карантинде болгонунун пайдасы жокпу?" деген суроо узатылган.

"Карантин режими киргизилгенден бери эпидемиологиялык абалды күчөтпөй кармап келдик. Көптөгөн мамлекеттерде убагында карантин кирбей калгандыктан жана башка себептерден улам коронавирусту жуктургандардын саны кыйла жогору болууда. Бизге карантин киргенде жарандардын кыймылы азайып, байланышта болгон адамдар да азайды. Ошондуктан бизде илдетке 1 миң 365 жаран эле кабылды. Эгерде карантин режимин киргизилбегенде коронавирус жуктургандардын саны болжол менен 10 эсе көп болмок", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 23-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1365ке жетти. Алардын ичинен 273ү медицина кызматкери. Илдеттен 957 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий