• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Карантин учурунда Ош облусунун аймагында 69 объекттин курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Карантиндин киргизилиши менен Ош облусунун аймагында объекттердин курулушу токтотулган жок. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, жаздын башынан бери республикалык бюджеттен каржыланган 19 объекттин курулушу толук көлөмдө жүрүүдө. Анын 11и калкты таза суу менен камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 29 объект, ошондой эле жеке инвесторлордун, демөөрчүлөрдүн жана эл аралык уюмдардын эсебинен дагы 21 объект курулууда.

Пикир

Оставить комментарий