• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Карантиндик аймакта иштеген медкызматкерлерге кошумча каражат төлөнөт - Мамбетов

COVID - 19 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Оорунун очогунда иштеп жаткан медициналык кызматкерлер кошумча каражат алышат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, медициналык кызматкерлер материалдык жактан да татыктуу камсыздалат. "Дарыгерлер айлык акысынан тышкары 46 миң 360 сом, медайымдар 41 миң 885 сом, кенже техникалык персонал 39 миң 660 сом алат. Буга байланыштуу маселелердин бардыгы чечилди жана эч кандай көйгөй жок”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал билдиргендей, карантиндик аймакта иштеген медициналык кызматкерлер 14 күн эле иштешет, андан соң алар 14 күндүк карантинге жаткырылат.

Учурда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти. Жалал-Абад облусунда – 26 учур, Ош облусунда – 27 учур, Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган), Баткен облусунда – 1 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий