• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Карантинге алынган Сузак районунда кандай иштер жүрүп жатканын ӨКМден билдиришти

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рыспаев "Кабар" агенттигине карантинге алынган Сузак районундагы кырдаал туурасында окуя болгон жеринин маалымдады.

Анын айтымында, райондо тартипке ылайык иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле кафе, ресторан жана башка эл көп чогулган жерлер жабылды.

"Биз азырынча ажиотаж жаралбасын деп базарларды жаба элекпиз. Бирок ал жерде эл аз, анткени буга чейин азык-түлүктөрдү сатып алып коюшкан", - дейт ал.

Рыспаев белгилегендей, райондо дезинфекция иштери жүрүүдө жана көпчүлүгү үйдө отурушат. Ошондой эле дарыканаларда беткаптар жетиштүү деңгээлде.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирусту жуктурган алгачкы үч учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий