• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каратаев: Бейтаптардын саны азайгандыктан бир катар обсервация жана стационарлардын иши токтотулду

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде бир катар обсервация жана стационарлардын иши акырындан токтотулуп жаткандыгын билдирди.

Анын маалыматына таянсак, "Семетей" обсервациясындагы бейтаптар сакайып чыгып, госпитализация пунктунун иши токтотулду.

""Манас" эл аралык аэропортунун аймагындагы "Семетей" ("Ганси") госпитализация пунктунда дезинфекция иштери жүрүүдө. Аталган жай толук COVID-19 жана пневмония менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана катары даярдалат. Ошондой эле обсервация жана күндүзгү стационар катары иштеп жаткан ооруканалар учурда кайра профилдештирилип иштей баштайт. Андан тышкары, өлкө боюнча жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн имараттары курулууда", - деди Каратаев.

Пикир

Оставить комментарий