• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Каратаев: COVID-19га каршы күрөшүүдө Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттер менен тыгыз кызматташууга даяр

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.20. Бүгүн, 24-июль күнү Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин видеоконференция форматындагы 3-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Россия, Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан, Беларус мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрликтеринин башчылары, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү катышкан.

Видеоконференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкөдөгү COVID-19 илдети менен байланышкан абал тууралуу, 17-июлдан тарта коронавирус, пневмония илдеттери боюнча көрсөткүчтөр бириктирилгени жөнүндө айтып берген.

“Бул отурумдун алкагында COVID-19 илдетин дарылоо, кеңеш берүү жана уюштуруу боюнча жакшы жыйынтыкка келебиз деген ишеничтемин. Кыргызстан COVID-19 илдетин дарылоо жаатында пикир алмашууга жана статистикалык маалыматтарды ачыктоого даяр”, - деди Мадамин Каратаев.

Ал акыркы күндөрү Кыргызстанда, анын ичинде ордо калаада курчуп жаткан эпидемиологиялык абал басаңдай түшкөнүн кошумчалаган.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 3-отурумунун жыйынтыгында COVID-19 илдетин алдын алуу жана дарылоо боюнча резолюция кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий