• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каратаев: Дарыканаларда дары-дармектер кымбаттаган жок жана жетиштүү санда

Ден соолук 0

Бишкек, 30.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Дарыканаларда дары-дармектер кымбаттаган жок жана жетиштүү санда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дары-дармектер ооруканаларда, дарыканаларда жетиштүү.

“Ал боюнча дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. “Эртең калбай калат экен” деп баарын бүгүн сатып алуунун кажети жок. Премьер-министрдин тапщырмасы менен дарынын баасынын көтөрүлбөшү боюнча кошумча иштер жүрүүдө”, - деди Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5296 учур катталды. Алардын ичинен 830у медицина кызматкери. Илдеттен 2370 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 57 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий