• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каратаев коронавируска байланыштуу өлкөнүн түштүгүндөгү акыркы кырдаал тууралуу айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-майда КР саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

Брифингдин жүрүшүндө жакында эле өлкөнүн түштүгүн кыдырып келген министрдин орун басары Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы акыркы кырдаал тууралуу да айтып өттү.

Анын билдирүүсүнө караганда, чоң жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, Чаткалдагы жаназага барган адамдан вирус жуккан учурлар боюнча бир топ маселелер чыккан.

"Кудайга шүгүр, ал жактагы абал жакшы десек болот. Мурда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондорду жана сырттан келгендер боюнча баарын карап чыгып, айылдарды тазаладык. Учурда абал жакшы эле. Бир-эки учур сырттан келгендерден табылууда. Бирок биз баарын катуу көзөмөлдөп жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1082ни түзөт. Алардын ичинен 735 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий