• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каратаев коронавируска кабылгандарга даярдалган кошумча орундуктар туурасында айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде Бишкек жана Чүй облусунда коронавируска кабылгандарга даярдалган кошумча орундуктар туурасында айтып берди.

Анын маалыматына караганда, учурдагы абал курч болгондуктан орундуктар жана медкызматкерлер жетишпей жатат.

“Даярдалган орундуктар тез арада бейтаптарга толуп калууда. №1 шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө жана Урология борборунда абалы оор болгондор жаткырылууда. Орто оор абалдагы жарандарга “Гансиде” орундуктар даярдалды. Ал жерде 200 койка уюшулган, анын 130 орундукта бейтаптар дарыланууда. Кошумча орундуктар дагы даярдалат”, - дейт ал.

Каратаев кошумчалагандай, премьер-министр Кубатбек Боронов штабда жыйын өткөрүп, Бишкекте 750 орундукту түзүү боюнча маселе көтөрдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус жуктурган 439 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5735ти түзөт. Алардын ичинен 2443 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий