• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каратаев: Министр Абдикаримов менен орун басары дарылануу үчүн Германияга кеткен эмес

Ден соолук 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары Нурболот Үсөнбаев дарылануу үчүн Германияга кетти деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу министрдин орун басар Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына ылайык, учурда министр жана анын орун басары Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада дарыланууда.

"Абалдары жакшы. Жакында алар ооруканадан чыгышат. Чет мамлекетке кетишкен жок. Аларда оору пайда болгондон кийин Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жаткырылган", - деп баса белгиледи ал.

Эске сала кетсек, cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевден болсо коронавирус илдети аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий