• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каратаев: Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (57 жаштагы эркек киши, 67 жаштагы эркек киши), Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан – 1 (60 жаштагы эркек киши), Москва аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши), кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1 (72 жаштагы аял киши) адам коронавирустун кесепетинен каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5735 учур катталды. Илдеттен 2443 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий