• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Караван” соода борбору мамлекеттин карамагына өттү – ММБФ

Коом 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан “Караван” соода комплексин жана Үмөталиев көчөсүндөгү турак эмес мекемелерди өзүнүн балансына алды.

Фонддун басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Жогорку сотунун токтому менен экс-мэр Нариман Түлеев жана башка жактар КРнын жаза белгилөө жана мүлкүн мамлекеттин эсебине конфискациялоо менен КРнын Кылмыш кодексине ылайык күнөөлүү деп табылган.

Ошентип, “Караван” соода борбору жана Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү 41 жана Токтогул көчөсү 220 дарегинде жайгашкан турак эмес мекемелер конфискацияланат.

Мамлекеттик мүлк укугун каттоо башталгандан бери фонд мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарымдуу орган катары мамлекеттин менчигиндеги объектилерди башкаруу жана колдонуу боюнча чараларды кабыл алууга укуктуу. Ушуга байланыштуу, азыркы учурда мурда макулдашылган ижарачылар менен ижара келишимдерин "Мүлк” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү маселеси иштелип чыгууда, анын негизинде “Караван” соода компекси аталган ишкананын карамагына өткөрүлдү.

Белгилей кетүүчү жагдай, ММБФ расмий түрдө ижарачыларга кайрадан келишим түзүү, же мекемени бошотуунун зарылдыгы тууралуу билдирген. Жогоруда айтылгандардын негизинде, фонд жакын арада кайрадан ижара келишимин түзүү боюнча чараларды кабыл алууга даяр. Айрым ижарачылар баш тартышса алар мекемени бошотуусу керек болот, андан кийин имарат мыйзамга ылайык башка жактарга берилет.

Пикир

Оставить комментарий