• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каражатты убагында тѳлѳѳ - жайыттарды ийгиликтүү башкарууга ѳбѳлгѳ

Коом 0

Мал киндиктүү кыргыз эли илгертен тѳрт түлүк малды баалай билишкен. Атүгүл элибиз учурашканда дагы «Мал-жаның аманбы?» - деп саламдашкан. Кѳчмѳн турмуш кечирген ата-бабабыз мал туягын кѳбѳйтүүгѳ далалат жасап, малга этият дагы, сый дагы мамиле жасашкан. Бирок, мал багуунун малдай азабы бардыгын кышында кыштоодо, жайында жайлоодо жайлашкан малчылар абдан жакшы билишет. Эң биринчи талылуу маселе - жайыттар маселеси экендигин алар жакшы түшүнүшѳт.

Мамлекетибиз агрардык ѳлкѳ эсептелгендиктен бул жаатта иш алып барган мамлекеттик программалар арбын. Айрыкча акыркы жылдары жайыттарды ийгиликтүү башкаруу маселеси актуалдуу болуп, мамлекеттин жана тийиштүү ведомстволордун иш - аракеттери жакшы натыйжасын берүүдѳ.

Жайыт комитетинин жетишкендиги жана өксүгү

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Өзгѳрүш айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Сатканалы Токобаев жайыт маселесине тиешелүү мындай ою менен бѳлүштү: - Өзгѳрүш айылына караштуу жайлообуз Эчкили тоосуна жакын жайгашкан. Эчкили тоодо 1326 га жакынкы жайыт болуп эсептелет. Бул жерде малчылар тыгыз олтурушкандыктан жаздообуз кичине жетишсиз. Беш-Кѳл аймагында 3024 га ортоңку жайытыбыз бар. Бул жайлоодо жаздообуз жана күздѳѳбуз малга жетиштүү. Ал эми алыскы жайыт болуп эсептелген Ат-Ойнок жайлоосу 1480 га аймакты түзѳт.

Азыркы тапта 18 жайыт пайдалануучу чабандарыбыз бар. Жайыт комитеттин жети мүчѳсү иштѳѳдѳ. Үч кишиден турган ревизиялык комиссиябыз бар. Булардын бардыгы жайыттарды жакшыртуу иштерине активдүү аралашкан, демилгечил адамдар. Кандай кѳйгѳйлүү маселе жаралбасын бири-бирибиз менен тыгыз байланышта болууга, колдон келишинче ишти натыйжалуу алып барууга аракеттенип жатабыз. Мындан тышкары, Өзгѳрүш айыл ѳкмѳтү менен бекем байланыштабыз. Аталган айыл ѳкмѳтү жайыттарды, кѳпүрѳлѳрдү оңдоого жардамын берип турат.

Жогоруда айткандай, ортоңку жайытыбыз айылдан 56 чакырым алыс жайгашкан.Жолу начар абалда. Ал жерде биздин айылдын жайыт пайдалануучулары мамлекеттик токой чарба кызматына тиешелүү жерлерге дагы биздин чабандар барышат. Мындан тышкары К. Акназаров айыл аймагынын чабандары дагы ошол жол менен барышат. Азыркы тапта жолду оңдоо кѳйгѳйү курч турат. Жогоруда белгилеген мекемелер менен биргеликте оңдоого аракет жасап, учурдаиш планын түзүп жатабыз.

Жайытты жакшыртуудагы ийгиликтер

Өзгѳрүш айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларына «Жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын башкаруу долбоорунун» эсебинен биринчи траншка яманын курулушу бүткѳрүлдү. Курулушка 394 миң сом жумшалды. Экинчи траншка Эчкили тоосунан мал суу ичүүчү эки кепташ курулду. Жакынкы жайытка ѳтүүчү каналга кѳпүрѳ куруу планы турат. Ал айыл ичиндеги уйларды чыгарып жаюудагы кыйынчылыкты жок кылат деп малчылар кубанууда. Мындай иштер абдан арбын экендигин айта кетүүбүз абзел.

Сатканалы Токобаевдин айтымында, мамлекеттик мергенчилер инспекциясынын жайыт комиттеринин түйшүктүү ишине колдоо кѳрсѳтүп турушат. Себеби, Беш-Кѳл корук-паркы аталган инспекцияга тийиштүү.

Алыскы Ат-Ойнок жайлоосуна жылына 5-6 чабан барат. Жайлоонун жолу татаал болуп, малчылар Кара-Буура районунан айланып барышат. 3-4-күн жол жүрүшѳт. Ал жерлер Токтогул районуна караштуу улуттук жаратылыш паркынын балансында. Алар Өзгѳрүш айылынын малчыларына мыйзамдын чегинде жайыт билеттерин тапшырышат. Алардын кызматкерлери менен экинчи тараптын жайыт комитетинин ѳкүлдѳрү тыгыз алакада. Жайыт комитет башчылары малчыларга жайлоону рационалдуу пайдалануу, малды тегиз жаюу жана жаратылыш паркындагы жан-жаныбарларга аяр мамиле жасоо боюнча кеп-кеңештерин айтып турушат.

Жайытты жакшыртуу – Жайыт пайдалануучулардын колунда

Малчыларга түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жайыттарга болгон тѳлѳмдѳрдү 65-75% тегерегинде быйылкы жылдын каражаты чогултулду. Албетте, айрым малчылар белгилүү себептер менен акча каражатын кечиктирген учурлар кездешүүдѳ. Мындай маселе жаралган мезгилде сүйлѳшүү жана түшүндүрүү жолдору менен, талаш-тартышсыз тѳлѳмдѳр ѳндүрүлүүдѳ. Мындан ары дагы тѳлѳмдѳр бир жолго түшѳт деген ниеттерин жайыт комитеттери билдирүүдѳ. Анткени тѳлѳмдѳрдү ѳз убагында, кечиктирбестен тѳлѳѳ жайыттардын жакшыруусуна, чогулган каражаттар кайра эле жайыттардын инфраструктурасын ѳнүктүрүүгѳжумшаларын малчылар жакшы түшүнүшѳт.

Адистер айтышат

КР айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин «Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу» бѳлүмү ишке ашырып жаткан «Жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын башкаруу долбоорунун» координатору Алымкул Карбозов жайыттарды каржылоодо алгач жобо иштелип чыгарын, жайыт комитетинин планы бекитилип, ал эки бѳлүктѳн турарын айтат.

1. Административдик чыгымдар бул-жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалса,

2. Жайыт комитетинде эмгектенген адамдардын эмгек акысы, электро энергияга болгон тѳлѳмдѳр, соцфондго чегерүү ж.б. чыгашалар экендигин айтат.

Маалымат үчүн

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча жайыт колдонуучулардан 42 233 464 сом каражат чогултулган. Бул кѳрсѳткүч былтыркы 2017-жылга салыштырмалуу 1 116 938 сомго кѳп.

Ал эми Өзгѳрүш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы С. Токобаевдин маалыматында, быйылкы жылга жылкыга бир жыл акысы-250 сомдон, уйга-150 сомдон, ал эми койго мезгилдүү болуп, бир мезгилге жараша тѳлѳнѳт. Мисалы жаздоого чыккан кой башына 10 сомдон болуп, козуга алынбайт. Күздѳѳсү жана кыштоого 5 сомдон кой башына тѳлѳнѳт. Бул баалар Өзгѳрүш айылдык депуттар кеңешинин токтому менен бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий