• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Карга байланыштуу ӨКМ ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолуна чыгып кетти

Коом 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 11-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолундагы (Төө-Ашуу ашуусунан баштап Чычкан капчыгайына чейин) абалды текшерүү максатында ӨКМнин ыкчам тобу ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун Кыймылдуу башкару пункту менен чыгып кетишти. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону белгилейт:

- ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көнүл буруу;

- тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

- кышкы дөңгөлөктөр;

- күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий