• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Каримованын кызы Швейцариядан 133 миллион долларды кайтаруу токтотулганын билдирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. 2-июлда Өзбекстандын биринчи президентинин небереси Иман Каримова “Инстаграмдагы” баракчасына апасы менен өзбек өкмөтүнүн азыркы мамилелери тууралуу билдирүү жазды.

Үч барактан турган катта Иман Каримова №21 Зангиота аялдар түрмөсүндө отурган апасынын абалы күн сайын начарлап баратканын жазган.

“... Бир адамдын – Гүлрух Расуловна Каримованын аракетинен Өзбекстан эли убада кылынган акчаны ала албай калышы мүмкүн. Апам бир ай мурун бардык пулун кайтаруу жараянын баштаган”,- деп жазган Иман.

Имандын айтымында, Гүлрух Каримова түрмөдөгү жаңжалдардан улам 2018-жылы кызматынан бошотулган. Былтыр №21 колонияда ар кыл себептерден улам беш аял жана бир бала өлгөн.

Каримованын кызы өзбек өкмөтү апасына кысым көрсөтүү үчүн Гүлрух Расуловнаны атайын кайра жумушка алып келген деп эсептейт. Иман Каримова прокуратура жана колония башчысы Гүлнара Каримовага тиешелүү медициналык жардам көрсөтпөй, психологиялык басымга алып жатканын айтууда.

Иман Каримова апасынын түрмөдөгү шарты оңолмоюн, Каримова жана анын адвокаты, ошондой эле Швейцария соту акчаларды кайтаруу жараянын баштабай турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий