• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Каркыра” чек ара заставасына мончо салынууда

Аймак 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Түп районундагы “Каркыра” ​ чек ара заставасына мончо салынып баштады.

Фонддон билдиришкендей, курулушка жалпысынан 12 млн 496 миң сом каражат бөлүнгөн. Мончо 10 кишиге ылайыкташып, бардык шарттары менен курулмакчы.

Бүгүнкү күнү курулуш иштери толук жүрүп жатат. Жаны мончонун курулушу 2022-жылдын күз айларында бүткөрүлүп, колдонууга берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий