• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Каркыра” көзөмөл өткөрмө пункту 1-майга чейин иштебейт

Коом 0

Бишкек, 02.11.18 /Кабар/. “Каркыра - автожол” (КР) жана “Кеген - автожол” (Казакстан Республикасы) көзөмөл өткөрмө пункттары убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.

2018-жылдын 31-октябрынан баштап аталган көзөмөл өткөрмө пункттарында жарандарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү өткөрүү токтотулган.

“Каркыра” өткөрмө пункту 2019-жылдын 1-майынан тарта ишин баштамакчы.

“Каркыра” өткөрмө пункту кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы мезгилдүү өткөрмө пункт болуп, май-октябрь айлар арасында иштейт.

Пикир

Оставить комментарий