• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Каркыра" өткөрмө бекети 1-майдан тарта иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра-унаа жолу" өткөрмө пункту 1-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматы билдиргендей, өткөрмө пункту эртең мененки саат 08:00дөн кечки 18:00гө чейин дем алыш күндөрүсүз иштейт. Андан жарандар менен жеңил унаалар өтө алышат. Ал эми жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.

Белгилей кетсек, аталган өткөрмө пункт Ысык-Көлдүн Түп районунда жайгашып, май-октябрь айлар арасында иштейт.

Пикир

Оставить комментарий