• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каркырадагы калың кар. 230 кой-эчки, 30 жылкы жана 40 бодо мал өлгөн

Аймак 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Каркыра жайлоосунда кар калың жаап, 230 баш кой-эчки, 30 жылкы кулуну менен жана 40 баш бодо мал өлгөну аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-30-майда жааган кардын кесепетинен Түп районунун алыскы жайлоолорундагы малчылардын мал-жандыктарына зыян келтирилген.

Келтирилген зыянды аныктоо үчүн КР ӨКМнин Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер жана ЖК комиссиясынын мүчөлөрү тартылган.

"Алар Каркыра жайлоосундагы малчылардын абалынан кабар алышып, жеринде карлар ээрип, унаа жолдор ачык, кошумча тоют (чөп) керек эместиги айтылып, болжол менен 230 баш кой эчки, 30 жылкы кулуну менен, 40 бодо мал өлгөнүн такташкан", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат такталууда.

Пикир

Оставить комментарий