• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кармышаков каза болгон 12 жаштагы Мадинанын апасы менен сиңдисинин абалы жөнүндө айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан каза болгон 12 жаштагы кыздын апасы менен сиңдиси Бишкектеги №4 шаардык ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, энеси оор жараат алган, бирок дарыгерлердин жардамы менен абалы турукташууда.

“Ошондой эле анын кичүү кызы бутунан жаракат алган. Биз ооруканага барганда ал Тажикстандын тик учагы аткылай баштаганда жабыркаганын айтып берди. Тажик тарап ал жерде балдар жана аялдар болгонуна карабастан ок чыгарышкан”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 12 жаштагы Мадина Рахматжанова 29-апрелде тажик тараптын ок атуусунан апасы жана сиңдиси менен качып бара жатканда көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий