• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Карнавалдык жүрүш, артисттер жана оркестрлер: Бишкектиктерди шаар күнүндө эмнелер күтөт

Маданият 0


Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата калаада “Наристе” фестивалынын эл аралык балдар форуму болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын жетекчиси Урмат Белекбаев билдирди.

Анын айтымында, келе жаткан дем алыш күндөрүнө муниципалитет тарабынан ар кандай иш-чаралар уюштурулган. Алар шаардын ар кайсы көчөлөрүндө жана маданий жерлеринде өткөрүлөт.

Калаа боюнча сахналар орнотулган, 29-апрелде – 7 жамаат концерттик программа коет.

Бишкектиктерди жагымдуу сюрприз күтөт - Кыргызстанга алты өлкөдөн балдар келишкен; Россия, Казакстан, Түркия, Индия, Италия, Венгрия. Алар жалпы кала тургундары жана коноктору үчүн болуп көрбөгөндөй кооз оюн тартуулашат.

Белекбаев билдиргендей, мындай иш-чараны Кыргызстанда өткөрүү ою былтыр Бишкек маданий форумунда пайда болгон.

“Анда көптөгөн эл аралык уюмдар катышкан. Фоурмдун жыйынтыгында Бишкекте биринчи балдар фестивалы өткөрүү чечими кабыл алынган”,-деп билдирди ал.

Айта кетүүчү жагдай, 29-апрелде саат 18:30да Бишкек шаардык мэриясынын имаратынан “Наристедеги” балдардын, цирк артисттеринин катышуусу менен карнавалдык жүрүш башталат. Парад Ала-Тоо аянтында аяктап, кечки саат 20:00дө фестиваль башталат. Келген конокторду жылдыздардын катышуусундагы концерт күтөт.

Фольклордук искусство жана чыгармачылык эл аралык уюмунун кеңешинин өкүлү Татьяна Масиевская билдиргендей, фольклордун негизде өтө турган иш-чаранын планы түзүлгөн. Максаты балдардын көз карашы менен тартуулана турган башка элдердин маданияты менен таанышуу.

“Ар тараптуу кызыктуу болгон балдар жамаатын чакырганбыз. Алардын кээ бирлери жалаң бийлешсе, айрымдары байыркы жөрөлгөлөрдү көрсөтүшөт. Максаты шаар тургундарын башка элдердин маданият, салт-санаасы менен тааныштыруу. Кечээ алар опера театрында болушуп, көрүүчүлөргө “Дон Кихот” балетин тартуулашты, алардын айрымдары мындай жерде али болгон эмес. Алар классикалык балетти Европада эмес дал ушул Кыргызстанда көрүштү. Андан тышкары бүгүн төрт мектепте “Тынчтык” сабагы өтөт, балдар өз ара сувенирлер менен алмашып, алардын ортосунда достук мамилеси пайда болот”,-деп билдирди Масиевская.

UDBHAV маданият жана спорт ассоциациясынын катчысы Дипак Томардын билдиргенине караганда, Индиядан 20 кыз учуп келген. Алар көрсөткөн бий кыргызстандыктарга жаган деп ишеним артты.

Казакстандан КРге төрт аймактан 27 адам келген. Алардын арасында угуусу начар балдар да бар,-деп билдирди башкармалыктын мүчөсү Дельфий комитетинин директору Куралай Туспекова билдирди.

Пикир

Оставить комментарий