• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Картөшкө өткөн жылга салыштырмалуу көбүрөөк эгилүүдө

Коом 0

Бишкек. 27.03.19 /Кабар/. Кыргызстанда быйыл картөшкө өткөн жылга салыштырмалуу көбүрөөк эгилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылда өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1219,4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 4,6 миң га көбүрөөк болууда. Негизинен арпа, жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр, пахта жана тоют өсүмдүктөрүнүн өстүрүүгө басым жасалууда.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын жогорулашынын себеби: буга чейин пайдаланылбай келген жерлерди иштетүү болууда.

Дан өсүмдүктөрүн себүү былтыркы жылга салыштырмалуу жогорку темпте жүрүүдө. Республика боюнча 78,5 миң гектар себилип, тапшырма 26,2% аткарылды. Ал эми жазгы буудайды 116,5 миң гектарга себүү пландалган.

Мындан тышкары, жазгы арпаны 182,7 миң гектарга тигүү пландаштырылган. Азыркы учурда план 29,3% аткарылды.

Ошондой эле, картөшкөнү отургузуу 3,2 миң гектар жерге жүргүзүлдү. Бул 2018-жылга караганда 300 гектарга көбүрөөк.

Ал эми жашылча – 1,5 миң гектарга себилип, өткөн жылга караганда 0,9 миң гектарга көп отургузулду.

Эске салсак, былтыр картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганын айтып нааразы болуп жатышат. Мурда картөшкөнүн дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 10 сомго жетпей калган, - деп билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий