• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Картаюунун алдын алууга болобу?

Дүр дүйнө 0

Кантип картаюунун алдын алууга болот? Бул суроону улгайып бара жаткан ар бир адам өзүнө берет. Албетте бул мүмкүн. Кантип десеңиз төмөндө жазылгандарды толугу менен окуп чыгыңыз.

Ушалоо ыкмасы менен картаюунун алдын алууга болот. Мында кандын айланышын жакшыртуу, булчуң эттерди чыңдоо, чарчагандыктык жок кылуу, ооруган жерди айыктыруу, нерв системасын жана ички суюктуктардын ашыгын ажыратып чыгарышын жакшыртуу ишке ашырылат. Буга төмөндөгү жолдор менен жетишүү керек:

- баштын астында, моюндун үстү жагында, мындайча айтканда көк желкедеги нерв системаны, эки алакан менен кулакты жаап койсо, адамдын төрт манжасы көк желкеге туура келет, андан кийин сөөмөйдү ортондун үстүнө чыгарып 36 жолу көк желкедеги баштын сөөгүн чертүү жолу менен укалоо жасалат. Бул ыкма дайым жасалып турса, анда адамдын нерв системасы өз ордунда болуп, адам унутчаак болбойт;

- адамдын эки алаканын бири-бирине тийгизип ушалап, ысыгандан кийин оң колдогу алаканды адамдын тамагынын астындагы оң жагында жайгашкан безди 36 жолу ушаласа, адамдын чачы, тырмагы жана териси дайыма жакшырып, алардын өмүр жолу уланат. Бул ыкма күн сайын жасалып турууга тийиш;

- адамдын көкүрөгүндөгү эки эмчекти алакан менен ар күн 36 жолу ушалап туруу керек. Эмчек адамдын жыныстык бөлүгүн дайыма күчүнө келтирип турат да, анын картайышын алдын алат;

- адамдын эки алаканын бири-бирине тийгизип ушалап ысыткандан кийин, бөйрөк турган жерди 36 жолу ушаласа, анда бөйрөктүн иштеши жакшырат жана да бөйрөк оорусун эмдөөгө болот.

Пикир

Оставить комментарий