• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Карылар үйү: Бүгүн балам келип калабы деп атыр себинип отурам

Аймак 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата ОГПИнин “Социалдык иштер жана коомдук илимдер” кафедрасы тарабынан кайрымдуулук акция уюштурулуп, мында чогулган каражатка майрамдык белек-бечкек жана таттуулар алынып, Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген боорукерлик үйүндөгү ата-апаларыбызды куттуктоо иретинде тапшырылып, аларга майрамдык концерт тартууланды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Мындан тышкары майрамдык иш-чарадан соң аларга ысык чай уюштурулуп, студенттер ал жердеги карыялар менен жеке маек курушуп, ал абалдары менен жакындан таанышып чыгышты.

Маек учурунда айрымдары өз балдарынан такыр үмүт үзгөндөрүн айтышса, көпчүлүк кыргыз улутундагы карыялар балдар, кыздарынын келишин үмүт кылып, эшикти бирөө ачса эле келип калдыбы деп күтүшөөрүн көздөрүнө жаш алуу менен билдиришти.

Ошондой эле ордунан туруп басууга мүмкүнчүлүгү жок, төшөктө жаткан бир эне, студенттердин бирин өз баласына окшоштуруп, бир кубанычка бөлөнүп алгандыгын жана ушул күндөрү балдары келип калабы деп, жакшы кийимдерин кийинип, атыр себинип алып күтүп отурганын да көз жашын шолоктотуп, студенттерге айтып беришти.

Эскерте кетсек, кайрымдуулук акцияга Гуманитардык факультеттин жалпы окутуучулары жана студенттери катышып, ыктыярдуу түрдө каражат чогултуп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий