• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Карылар күнү: Кыргызстанда пенсия курагындагы эркектердин саны 158 миңди, аялдардын саны 368 миңди түзөт

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы пенсия курагындагы адамдар боюнча статистикалык маалыматтарды жарыялады.

Статистика комитети белгилегендей, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Ал согуш маалында төрөлгөндөргө караганда саны боюнча көп болгон 1950-жылдары жарык дүйнөгө келген адамдардын пенсия курагына келиши менен байланыштуу. Акыркы 5 жылда алардын саны дээрлик 100 миңге же 24%га көбөйгөн.

2020-жылдын башына карата Кыргызстанда эмгекке жарамдуу жаш курактан улуу адамдардын саны 526 миңди түзгөн же өлкөнүн ар бир сегизинчи жараны эмгекке жарамдуу жаш курактан улуу болгон. Эмгекке жарамдуу жаш курактан улуу (63 жаш жана андан улуу) эркектердин саны 158 миң болсо (өлкөдөгү эркек кишилердин 4,9%ы), аялдардын саны (58 жаш жана андан улуу) дээрлик 368 миңди түзгөн (өлкөдөгү аял кишилердин 11,2%ы).

Эл аралык карылар күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу чечим Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1990-жылдын декабрь айында кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий