• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Карылар күнүнө карата ИИМ милициянын ардагерлерине акчалай сыйлык тапшырды

Коом 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Эл аралык карылар күнүнө карата бүгүн Ички иштер министрлиги милициянын ардагерлерине 1000 сомдон жана азык-түлүк тапшырышты, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМ тарабынан Борбордук аппаратынын 61 ардагерине жана каза болгон ардагерлердин жубайларына майрамга карата ар бирине 1000 сомдон жана азык-түлүк продуктулары тапшырылды.

"Бул майрам улуу муунга сый-урмат көрсөтүү менен алардын алдында таазим кылуучу күн. Мыйзамды жана тартипти сактоо үчүн жарандарды кылмыштуу топтордон жана башка кылмыштуу иш-аракеттерден коргоого өзүңүздөрүн өмүрүңөрдү арнагандыгыңар үчүн сиздердин алдыңыздарда таазим кылабыз. Сиздерге жардам көрсөтүү, колдоо-биздин маанилүү тапшырмаларыбыздын бири. Сиздерге бекем ден соолук жана узак өмүр каалайм", - деп билдирген ИИМ башчысынын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков.

Пикир

Оставить комментарий