• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Карымшаков: Жаңы Конституциядан эмес, токтоп калууга алып келген азыркы Баш мыйзамдан коркуш керек

Коом 0

Ушул жылдын январындагы референдумда 80%дан ашык шайлоочу президенттик башкаруу формасына добуш беришти. Ошентип, президенттик башкаруу формасына жооп бере турган жаңы Конституцияны кабыл алуунун зарылдыгы келип чыкты. Февралда Жогорку Кеңештин сайтында Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды, аны кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде өтөт.

Коомдук ишмер Өмүрбек Карымшаков жаңы Конституцияны кабыл алуунун зарылдыгына комментарий берип жатып кабыл алуудан коркпоого чакырды, анткени ал өлкөнү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого жөндөмдүү деп белгиледи.

“Биринчиден, эл президенттик башкаруу формасынын пайдасына добуш беришкен, элдин тандоосуна ылайык, жаңы Конституция кабыл алынышы керек. Биз президенттик башкаруу формасына добуш бергенден кийин бул Конституцияны милдеттүү түрдө кабыл алышыбыз керек. Экинчиден, 30 жыл аралыгында ар түрдүү Конституцияны тандап келдик жана алга карай өнүгө алган жокпуз. Бизге кимдир бирөө бардык чарбалык, саясий жана башка иштерге жооп берүүгө милдеттүү болгон Конституция керек. Жаңы Конституцияда кабыл алынып жаткан бардык иштерге президент жоопкерчилик алат”, - деди Карымшаков.

Коомдук ишмер учурдагы Конституция менен салыштыруу жасады, учурдагы Конституцияга ылайык, айрым күчтөр бийликтен жана саясатчыдан жоопкерчиликти атайылап алып салгандыгын, бул алардын чечимдери жана саясий каталары үчүн жооп бербешине жол берерин баса белгиледи.

“Буга чейин бизде эч ким – партиялар дагы, өкмөттөр дагы, Жогорку Кеңеш дагы, президент дагы жооп берген жок. Азыр президенттик башкаруу өтө зарыл. Жаңы Конституция өнүгүү үчүн керек. Ким эмне деп айтса дагы, бары президенттин өзүнөн көз каранды: эгер анда демократиялык тарбия болсо, анда ал элди угат, эгер ал диктатордук менталитетке жана тарбияга ээ болсо биз парламенттик башкарууга багытталган Конституция кабыл алсак дагы ал кандай гана жол менен болбосун бардык бийликти өзүнө алып алат, жыйынтыгында эч ким жоопкерчилик албай калат. Ошондуктан, жаңы Конституциядан коркуунун кереги жок, азыркы Конституция алып келген кайдыгерликтен жана токтоп калуудан коркуш керек”, - деди ал.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий