• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуну атып салган жаран эки айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Чүйдө карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуну атып салган жаран СИЗО-1ге эки айга камалды.

Чүй облустук сотунан кабарлашкандай, чечим кечээги жыйында кабыл алынган.

Эскерте кетсек, 1-июлда саат 08:30дар чамасында милицияга Бишкек – Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке келип, 1975-жылы туулган И.Р.нын сөөгүн табышкан. Ал тез жардам кызматы келгенге чейин октон алган жаратынан улам каза болгон.

Андан ары 1989-жылы туулган жаран Ж.А. 2022-жылы 1-июлда болжол менен саат 07:45терде Токмоктун аялдамасынан 1975-жылы туулган И.Р.нын башкаруусундагы унаага отурган.

Айдоочу жолдон унааны токтотуп, кызга сексуалдык ыдык көрсөтө баштаган. Жыйынтыгында Ж.А., унаадан түшүп, агасына чалып, окуя тууралуу айтканга үлгүргөн. Андан кийин ал ошол учурда жүргүнчүнү түшүрүү үчүн токтогон башка унаага түшүп кеткен. И.Р., ал унааны кубалап жетип, жолду тосуп эч себепсиз кызды чачынан кармап сабап, унаадан түшүрүүгө аракет кылган. Ошол учурда кыздын агасы келип, окуяны көрүп, И.Р.ны травматилкалык тапанча менен атып жиберген.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен каттоого алынды.

Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Д.З., кармалган.

Пикир

Оставить комментарий