• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Карызы бар абоненттерге жылуулук акыркы болуп берилет - Абдыкалыков

Коом 0

Бишкек, 06.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Биринчи кезекте жылуулук мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрүнө, башка социалдык мекемелерге андан соң турак үйлөргө берилет. Ал эми карызы барларга жылуулук эң аягында берилет. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын башкы директору Эркин Абдыкалыков билдирди.

Анын айтымы боюнча, 2017-жылдын 1-октябрына карата “Бишкек жылуулук тармагы” боюнча дебитордук карыз дээрлик 177 млн сомду түзөт.

“Бюджет 22 млн бериши керек, өнөр-жай ишканалары – 5 млн 800 миң, башка керектөөчүлөр - 13,7 млн сом жана калк – 135 млн сом”,-деп түшүрдүрдү Абдыкалыков.

“Салыштыруу үчүн: жыл башына дебитордук карыз 398 млн сом болчу, ал эми 9 ай ичинде аны 221 млн сомго төмөндөттүк. Бул план боюнча иш жүргүзүлүп жатат жана жүргүзүлө бермекчи”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий