• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каржы министрлиги АӨБ жана Европа биримдигинен келген каражаттар каякка жумшалганы боюнча маалымат берди

Экономика 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдылда тегин Суеркул Азия өнүктүрүү банкынан жана Европа биримдигинен келген каражаттар каякка жумшалганы тууралуу айтып берди.

“Азия өнүктүрүү банкынан бюджетти колдоого берилген 50 млн доллар суммасындагы финансылык жардамы Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгына 10-июнь күнү келип түшкөн жана бюджеттин ресурстук бөлүгүндө 3 млрд 743,8 млн сом суммасында чагылдырылган”, - деди ал.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын каражатынан жалпы суммасы 3 млрд 743,8 млн сомго социалдык маанилүү чыгымдар каржыланды:

- эмгек акыга (анын ичинде врачтардын, мугалимдердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына 2 млрд 859 млн сом жумшалды);

- социалдык муктаждык төгүмдөргө - 362,2 млн сом;

- калкты социалдык коргоо жана социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарга - 67,6 млн сом;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер - 455 млн сом.

"Бюджетти колдоого берилген 24,8 млн евро суммасындагы Европа биримдигинин финансылык жардамы 9-июль күнү Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине келип түшүп, бюджеттин ресурстук бөлүгүндө 2 млрд 175 млн сом суммасында чагылдырылган", - деп кошумчалады ал.

Алсак, Европа биримдигинин каражаттарынын эсебинен социалдык маанилүү чыгымдардын жалпы суммасы 2 млрд 175 млн сомго каржыланды, анын ичинде:

- 230 медициналык мекемесин каржылоого КР Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 1 млрд 346 млн сом өлчөмүндөгү трансферттер;

- Коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган 7 миң 472 медициналык кызматкердин июль айы үчүн эмгек акыларын төлөөгө бардыгы болуп - 57,5 млн сом;

- 2020-жылдын июль айына карата калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөк пулду төлөөгө - 387 млн сом;

- 30 миң 684 пенсионерлерге 2020-жылдын июль айына карата пенсияларды төлөп берүү үчүн КР Социалдык фондунун бюджетине трансферттер - 178,4 млн сом;

- 2020-жылдын июль айында КР Билим берүү жана илим министрлигинин 17 миң 915 кызматкеринин эмгек акысын өз убагында төлөөгө - 137,1 млн сом жана окуу китептерин сатып алууга 69 млн сом жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий