• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каржы министрлиги Дүйнөлүк, Азия өнүктүрүү жана Ислам өнүктүрүү банкынан келген каражаттар боюнча маалымат берди

Экономика 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Кыргызстандын Каржы министрлиги Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан берилген каражатрдын өздөштүрүлүшү боюнча маалымат берди.

Азия өнүктүрүү банкы:

"COVID-19 пандемиясына карата өзгөчө кырдаалдар" долбооруна – 20,0 млн доллар бөлүнгөн. Насыяны төлөө мөөнөтү 40 жыл. Анын ичинен 10 жылы жеңилдик каралган мөөнөт, пайыздык чени - 1%.

Учурда Азия өнүктүрүү банкы менен сатып алуулар боюнча макулдашуулар жүргүзүлүп жатат.

Ислам өнүктүрүү банкы:

"COVID-19 боюнча шашылыш долбоор" үчүн 15 млн доллар берилген. Насыяны төлөө мөөнөтү 25 жыл. Анын ичинен 7 жылы жеңилдик каралган мөөнөт, пайыздык чени - 1,5%.

Азыркы тапта Ислам өнүктүрүү банкы менен сатып алуулар боюнча макулдашуулар жүргүзүлүп жатат.

Дүйнөлүк банк: 21,15 млн доллар

Дүйнөлүк банктын финансылык шарты: насыяны төлөө мөөнөтү 38 жыл. Анын ичинен 6 жылы жеңилдик каралган мөөнөт, пайыздык чени - 0,75%.

"COVID-19 боюнча шашылыш долбоор" үчүн 12,15 млн доллары бөлүнгөн. (Анын 6,07 млн доллары грант, 6,07 млн доллары насыя болуп эсептелет)

Дүйнөлүк банк менен сатып алуулар боюнча макулдашуулар жүргүзүлүп жатат.

"Табигый кырсыктарга туруктуулукту арттыруу" долбооруна 9 млн доллар берилген (анын 4,5 млн доллары - грант, 4,5 млн доллары - насыя).

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен 7 млн долларлык макулдашууга кол коюлган. Анын 3,3 млн доллары боюнча буйрутма аткарылган. Калган 3,7 млн доллар боюнча буйрутманын аткарылышы күтүлүүдө.

0,05 млн долларына тендер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий