• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каржы министрлиги: Республикалык бюджеттин жарымы социалдык чөйрөгө багытталган

Экономика 0

Бишкек, 10.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-жылдын 9 ай ичинде республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы 50 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык чөйрөгө жалпысынан 49 млрд 654,4 млн сом эсебинде аткарылган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 млрд 424,5 млн сомго көбүрөөк.

Бөлүнгөн акча каражаттарынын ичинен:

- социалдык коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма өлчөмү 19,9 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд 47,3 млн сомго көбөйүп, 19 млрд 714,8 млн сомду) түздү,

- билим берүүгө сарпталган чыгымдардын салыштырма салмагы 17,2 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 685,6 млн сомго азайып, 17 млрд 112,1 млн сомду) түздү,

- саламаттык сактоого жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 9,8 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд 789,3 млн сомго көбөйүп, 9 млрд 779,7 млн сомду) түздү,

- эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгымдардын салыштырма салмагы 3,1 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 726,5 млн сомго азайып, 3 млрд 47,8 млн сомду) түздү,

- турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 1,5 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 136,3 млн сомго көбөйүп, 1 млрд 498,3 млн сомду) түздү.

Пикир

Оставить комментарий