• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каржы министрлиги тышкы карызды төлөө үчүн элден каражат топтоо боюнча токтом долбоор даярдады

Экономика 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Каржы министрлиги “Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн акча каражаттарын топтоо жөнүндө” өкмөттүн токтом долбоорун даярдады.

Документке ылайык, токтом долбоордун максаты эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөлүк донорлордун алдындагы милдеттенмелерди төлөө боюнча мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн юридикалык жана жеке тараптардан ыктыярдуу которулган акча каражаттарды топтоо болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындырууга КР өкмөтүнө көмөк көрсөтүү боюнча калктан түшкөн кайрылууларга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн өзүнчө эсептердеги каражаттарды пайдалануу жана түшүү эсебин камсыздоо максатында КРөкмөтүнүн аталган токтом долбоору демилгеленди”, - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий